Кыдыров Баястан "Алтын сертификаттын" ээси 2021-2022-окуу жылы.
"Манас таануу" теле сынагынын 2022-2023 окуу жылындагы жеңүүчүлөрү. "Каныкей" тобу
Мектеп - гимназиябыздын 10- классынын окуучу кыздарынан куралган Каныкей тобу быйылкы жылы "Манас таануу" сынагынын республикалык турунда 1- орунду багындырышты. Окуучуларды жетектеп сынакка даярдаган мугалими Сөлпүева Акак Солпуевна болду. Сынакка катышкан окуучуларыбыз баалуу белектер жана диплом менен сыйланышты.Биздин сыймыктуу окуучуларды, кыргыздын көөнөрбөс булагы болгон Манас эпосун окуп, изилдеп, сынактарда башкы орунду камсыздап жаткандыгы менен куттуктайбыз жана сыймыктанабыз.
"Алтын тамга 2024" артыкчылык аттестатынын ээси Исламова Акмарал
Биздин сыймыктуу окуучу. Исламова Акмарал. 11- В класстын окуучусу. Акмарал 2023-2024 окуу жылында мектепти "Алтын тамга аттестаты" менен аяктап жатат. Быйылкы жылы тапшырылган тесттен ийгиликтүү өтүп, Акмарал мектептин сүймөнчүгүнө айланды.
Исмаилова Салтанат Абдиевна
Победительница конкурса «Лучшая практика внедрения образования в целях устойчивого развития»
2022-жылдын 5-январында Математика боюнча республикалык олимпиаданын II этабы Кыргыз-Швед математикалык мектебинин базасында өткөрүлдү. Биздин мектептин 11-классынын окуучусу Канатбекова Кайыркүл 2-орунду камсыздады.
Англис тили мугалимдеринин республикалык олимпиадасынын жеңүүчүсү
Республикалык олимпиаданын жеңүүчүсү
Ак калпак күнү
Билим берүүнүн мыктылары

Новости

4-"Г" классынын окуучусу Иманалиева Арууке "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коому тарабынан уюштурулган "Аяз атага кат" сынагында райондон 1-орун, республикадан жеңүүчү деп табылды. Иманалиева Арууке ыраазычылык кат, таттуу белек жана баалуу саат менен сыйланды. Кызыбыздын жеңишинде класс жетекчиси Асель Аскарбековна жана ата-энесинин салымы чоң.

Мы в цифрах

46
ЖЫЛ
1700
ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ
150
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР (ЖЫЛЫНА)
18901
КИТЕПТЕРДИН САНЫ